
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарына жакын товарларды эсепке алуу пункттарында тиешелүү уруксат кагаздары жок ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бир катар това
рларды ташып кирүү фактыларын аныкташты. Бул МСКнын басма сөз кызматы билдирет.
Тактап айтканда, "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда 11 даана автотранспорт каражаттарын, 700 килограмм дарбыз, 5 миң даана картон коробкаларын (бош), 20 тонна пияз, 5 471 кг кездеме, 42 тонна арпа ташып бараткан жүк ташуучу унаалар кармалды. "Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пунктунда 45 куб/метр тактайды, Чоң-Капкадагы товарларды эсепке алуу пунктунда 30 куб/метр тактайды алып өтүүгө аракет кылышкан.
Импорттоочуларда товарларды импорттоо тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.
Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамга ылайык иш -чараларды өткөрүү үчүн мобилдүү топко өткөрүлүп берилген.
