Депутат Момбеков мечиттердин жабылышы боюнча үн катты

Бишкек шаары менен Чүй облусунда жума намаздарга тыюу салынып, бирок базарларда, тойлордо адамдар бет кабы жок жүргөнүн депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Бишкек шаары менен Чүй облусунда коронавирус коркунучу бар деп жума намаздарга тыюу салып койду. Ошол эле кезде мен унаа базарынын жанында жашайм. Ал жерде 10 миң адам унаа базарына барат, 10 кишинин бет кабы жок. Баарыбыз тойлордо жүрбөйбүзбү, тойлордо мен бет кап кийген кишини көргөн жокмун. Андай болсо тандоо болбош керек да, эмне үчүн биз мыйзамга чакырабыз дагы, ыйманды качырабыз? Чектөө киргизе турган болсок бир эле мечит менен мектепке эмес, бардыгына чектөө киргизели", - деди Момбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД