Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз жазды

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, Түркиянын борбору Анкара шаарында Орхан Инандынын соту башталды. Инанды сот отурумуна видеоконференция аркылуу өзү жаткан абактан байланышкан. Соттук отурумда айыпталуучу колу сынгандыгына байланыштуу коргонуу иштерин даярдай албай калгандыгын жана бул үчүн кошумча убакыт берүүсүн суранган.

Сот кийинки отурумду 23-ноябрга жылдырып, Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти телеканалдардын биринде Инандыны атайын кызматтар Түркияга алып кеткенин айткан. Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында жоголгон. Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин президентинин жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга жардам берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД