Рустам Жокоев "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды

Рустам Жокоев Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Рустам Жокоевди дайындоо боюнча буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Рустам Жокоев 34 жашта. Буга чейин ал транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн, андан кийин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкери болуп иштеген. Өткөн жылы ал атүгүл "Унаа" мекемесинин жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп иштеп, кийин президенттин жана өкмөттүн башкаруусунда "Ала-Арча" мамлекеттик мекемесинин директору болгон.

Буга чейин "Унаа" мамлекеттик мекемесин президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектеп турган. Ал ушул жылдын 13-сентябрында ээлеген кызматынан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД