УКМК: Майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын жараны "М.Д.Ю." электр энергиясын бөлүштүрүүчү "ЭТ" компаниясына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын ири өлчөмдө урдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу үчүн мыйзамсыз иштерди уюштурганы аныкталды.

15-сентябрда жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында "ЭТ" бөлүштүрүү компаниясынын электр тармактарына мыйзамсыз туташтырылган криптовалютанын иштешин камсыз кылуучу 500дөн ашык "майнинг-фермалар" аныкталган.

Белгилей кетүүчү жагдай, "майнинг-фермалар" өндүрүлгөн электр энергиясынын жетишсиздигине алып келет, анткени 1 жабдык 1500-3000 кВт саат сарптайт.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД