Көз суктанарлык! Рахмон президенттер үчүн өзгөчө достук кечесин уюштурду

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын, ошондой эле бул иш-чаралардын ардактуу конокторунун урматына достук кечесин уюштурду. Бул тууралуу Тажикстан президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кечеге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана башка сыйлуу коноктор катышты.

Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл-чарба продукцияларынын өзгөчө көргөзмөсүн көрсөткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД