Аткезчилер Кыргызстандан Тажикстанга 15 тонна көмүрдү алып өтүүнү көздөшкөн

Бүгүн, 17-сентябрда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жүктү мыйзамсыз өткөрүүнү каалаган аткезчилерди кармашты. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы Лейлек районунун Майты аймагында чек арачылар Мерседес жана MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааларды токтотушкан.

Чек арачыларды көргөн аткезчилер унааларын токтотпой, алардан качып кетүүнү көздөшкөн. Чек арачылар баш ийбеген жарандарды токтотуу максатында, эскертүү катары асманга ок атышкан, мындан майнап чыкпагандан кийин унаанын дөңгөлөктөрүнө ок атууга аргасыз болушкан. Мындан кийин унаалар токтогон.

Аныкталгандай, айдоочулар Кыргызстандан Тажикстанга 15 тонна көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кетүүнү көздөшкөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар жана көмүр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД