"Алмаз Сарыбаевди Курсан Асановго каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышат"

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп шектелип жаткан "Толубай" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевди Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу Алмаз Сарыбаевдин атасы Айылчы Сарыбаев билдирди.

"Тергөө маалында тергөөчү Орунбаев балама " Эгерде Курсан Асановго каршы көрсөтмө берсең, анда чыгарабыз. Болбосо, түрмөгө камайбыз, "черныйларга" салып беребиз, тепкилетебиз, акыры бары бир көрсөтмө бересиң" деп айткан", - Айылчы Сарыбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү деген видео тараган. Анда бийликти күч менен басып алуу тууралуу сөз болгон.

Бул боюнча КР Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, өндүрүш иши башталган. Бул боюнча шектелип жаткан Курсан Асанов 16-сентябрда №50 тергөө абагына 2 айга, ал эми Алмаз Сарыбаев Бишкектеги № 1 СИЗОго камалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД