Өзгөндө "Узгун-Мунара-2021" этно-фольклор фестивалы өттү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 17-сентябрда этно-фольклор фестивалына катышты. Мамлекет башчысы кол өнөрчүлүк этно-жармаңкеси менен таанышып чыкты, андан кийин көрүүчүлөргө "Жүрөгүмдө Өзгөн" театрынын прологу көрсөтүлдү. Президент куттуктоо сөзүн сүйлөп, ата -бабалардын тарыхый жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, анын бири Өзгөн комплекси экенин айта кетти.

Садыр Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2025 -жылга чейин тарыхый Өзгөн комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Профессор Мустафа Жеват Акшит Имам Сарахсинин адамдык баалуулуктар жана дүйнө тааным боюнча 31 томдон турган "Аль-Мабсут" эмгегин Садыр Жапаровго белек кылды.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарынан этнофестивалга катышуу үчүн келген манасчылар менен акын-импровизаторлорду сыйлоо жана улуттук эстрада жылдыздарынын концерти менен аяктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД