Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт

Буга эски газ түтүгүндө газдын агып кетүүсүнүн жоюлушу себеп болууда. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирет. Маалым болгондой, Фучика көчөсү, 19/1 дарегинде жайгашкан жер астындагы орто басымдагы газ түтүгүндө жаратылыш газынын агып кетүүсүн жоюу үчүн мурда 13-сентябрдан 20-сентябрга чейин пландаштырылган авариялык оңдоо иштери 22-сентябрга чейин узартылат, газ түтүгүнүн астынан өткөн түтүктөргө байланыштуу иштердин көлөмү көбөйдү.

Буга байланыштуу, көчөлөрдүн кесилиштери менен чектелген аймакта жаратылыш газы токтолгон болушу ыктымал: Лев Толстой, БЧК, Ала-Арча, Баетов, Барпы Алыкулова, Кызыл-Аскер, Керемет, Касым, Аска-Таш, 110 квартал, Балбан Таймаш, Достук.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД