Манастын күмбөзу ШОСтун 20 жылдыгына арналган маркада чагылдырылды

Шанхай Кызматташтык Уюмунун 20 жылдыгына карата бул датага арналган тематикалык маркалар жана конверттер чыгарылды. Алар бул ассоциацияга кирген өлкөлөрдүн кооз жерлерин сүрөттөйт.

ШКУнун Ишкерлер Кеңешинин маалыматы боюнча, юбилейлик сериялардын бири сегиз конвертти камтыйт. Ар биринде ШКУ мамлекеттеринин бир маданий жана тарыхый архитектуралык эстелиги чагылдырылган. Тактап айтканда: Индия - Акшардам храмы, Казакстан - Кожа Ахмед Яссавинин күмбөзү, Кытай - Бамбук храмы, Кыргызстан – Манастын күмбөзу, Пакистан - Вазир Хона мечити, Россия - Алтын шакек, Тажикстан - Шейх Муслихиддин мечити, Өзбекстан - Джами мечити.

Эстелик маркалардын сериясы сегиз нускадан турат, алардын ар бири ШКУнун курамына кирген өлкөнүн желеги жана герби менен.

Жаңы продукциялардын презентациясы Дүйшөмбү шаарында өттү, аны Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жана анын өкмөтүнө караштуу байланыш кызматы уюштурду. Ал эми өнөктөш мамлекеттердин улуттук координаторлорунун, илим жана маданият ишмерлеринин, жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД