ИИМ: Ысык-Көлдө баңгизатты сатуу менен алектенген каналга бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы Ысык-Көл облусунун ИИБдин атайын операциялар отрядынын жана ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда баңгизаттарды сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 16-январындагы жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ош шаарынын аймагынан 1959-жылы туулган жаран У.А. аттуу жарандан салмагы 42 грамм болгон "гашиш" баңгизатын текшерип сатып алуу боюнча ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Жогорудагы жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 1961-жылы туулган Т.Т. менен 1967-жылы туулган О.А. аттуу жарандар узак убакыттан бери Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип келишкендиги аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 24-август күнү тергөө судьясынын чечиминин негизинде шектүү Т.Т. жашаган үйдө тинтүү жүргүзүлүп, ашканадан 865 грамм болгон "гашиш" баңгизаты табылган.

Ошол эле күнү шектүү О.А. жашаган Ысык-Көл облусундагы үйдө соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн, анын натыйжасында сарайдан таза салмагы 420 грамм болгон 133 даана кургатылган "кара куурай өсүмдүктөрү" табылган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн кошумча атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД