Баткендеги мектептерге 7 компьютер жана 1 млн. сомдук сертификат берилди

Баткендеги мектептерге 7 комплект компьютер, 1 млн сомдук сертификат берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Газ айылында Газ орто мектебинин жаңы курулуп бүткөн окуу корпусунун ачылыш аземи болду.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, ошондой эле мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Министр Болотбек Купешев иш-чаранын катышуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билим уясынан Кыргызстандын туусун көтөргөн, даңкын чыгарган уул-кыздар учуп чыгышына чын дилинен тилектештигин билдирди. Ошону менен бирге министрликтин белеги катары мектепке 7 комплект компьютер тапшырды.

Мектептин имараты толук бүткөрүлдү. Имараттын ичи бардык керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыздалды. Жасалгалоо иштери да өз убагында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Ушул тапта бул мектепте 362 окуучу 2 нөөмөттө окуп жатат. Алардын арасынан 32 окуучу 2021-2022-окуу жылында алгач ирет мектеп босогосун аттады.

Газ айылындагы иш-чарадан кийин Б. Купешев Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө орто мектебине барып, педагогикалык жамаат менен жолугушту. Жолугушуу учурунда министр аталган мектептин кошумча окуу корпусунун курулушуна жумшоо үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек жамаатынын атынан 1 млн сомдук акча каражатынын сертификатын тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД