"Орёл и решка" берүүсүнүн Кыргызстан тууралуу экинчи чыгарылышы чыкты

Популярдуу "Орел и решка" трэвел-шоусу Кыргызстан тууралуу тартылган экинчи чыгарылышты жарыялады.

Тревэл-шоу Кыргызстандын бермети аталган Ысык-Көлгө барышты.

Теле берүүнүн алып баруучулары Антон Зайцев менен Анфиса Черных жергиликтүү ашканалар жана эс алуунун ар кандай түрлөрү менен таанышты.

100 доллар менен саякаттаган Анфиса Черных Бостеридеги "Золотые пески" пансионатына, Каракол шаарына жана "Сказка" каньонуна барды.

Ал эми алтын карта менен эс алып жүргөн Антон Зайцев Хан-Теңир жана Жеңиш чокусун багындырды.

Белгилей кетсек, бир жума мурда "Орел и решка" берүүсүнүн биринчи программасы берекелүү Ош жергеси тууралуу болгон.

Эсиңиздерде сала кетсек, "Орел и решка" берүүсү Кыргызстанга буга чейин 2013-жылы келип кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД