Райым Матраимов Акжол Махмудовго 3 бөлмөлүү батир белекке берди

"Токио - 2020" жайкы Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Акжол Махмудовго Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батир белекке берилди.

Маалым болгондой, 17-сентябрда Ош шаарында спортчуларды сыйлоо аземи болуп, ага ЖКнын депутаты Шайлообек Атазов жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышты.

Erem спорт клубунун вице-президенти, ЖКнын депутаты Шайлообек Атазов Акжол Махмудовго Райымбек Матраимов батир белек кылганын айтып, ага сертификатты тапшырды.

"Исмаил ата" коомдк фондунун президенти Райымбек Исмаилович тарабынан Акжол Махмудовго Бишкектен элиталык батир берилди", - деди Шайлообек Атазов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД