Садыр Жапаров: "Коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алыңыздар"

Президент Садыр Жапаров мекендештерди дагы бир жолу коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакырды. Тиешелүү билдирүүнү ал Инстаграм баракчасына жарыялады.

"Бүгүн Кыргызстанда 69 адамда Covid-19 оорусу катталды. Ооругандардын 100 пайызы вакцина албагандар болуп чыкты. Ошондуктан, мен дагы бир жолу бардык жарандардан коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакырам ", - деп жазган Садыр Жапаров.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 19-сентябрга карата өлкөдө коронавирус илдетинин 69 жаңы учуру катталды. Илдетти жуктургандардын көбү Бишкекте. Оорудан 78 адам айыгып чыкса, экөө каза болду. Маалыматка ылайык, аларга эмдөө жүргүзүлгөн эмес.

Ал эми Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 284 адам эмдөөдөн өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД