Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында спорттук мелдештер өттү

Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин спорт мектебинде түштүк аймагы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттук мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чарага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев катышты. Ал эми турнирге Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынан жана Ош шаарынан 150дөн ашык адам катышты, алар футбол, шахмат, таш көтөрүү, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча мелдешишти.

Турнирдин жеңүүчүлөрү дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты. Командалык мелдеште жеңүүчүлөрү: Аркан тартыш боюнча: 1 -орун - Ош шаарынын командасы, 2 -орун - Баткен облусунун командасы, 3 -орун - Кара -Суу шаарынын командасы ээледи.

Ал эми футбол боюнча 1-орун - Ош шаарынын командасы, 2-орун - Аксы, 3-орун - Өзгөн командасы алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД