Чүй облусунун Сокулук районундагы Узун-Кыр тоосунда өрт чыкты

Чүй облусунун Сокулук районундагы Узун-Кыр тоосунда өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 100 гектарга жакын куураган чөп күйгөн. Сокулук райондук ӨКБнүн башчысы, майор Ж.Макиев баш болгон райондун 19 куткаруучусу жана кызматкери өрттү өчүрүү иштерин улантууда.

Мындан тышкары өрттү өчүрүүгө жергиликтүү 15 жаран жардам көрсөтүүдө. Өрт толугу менен көзөмөлгө алынган. Башка экономикалык объектилерге жайылып кетүү коркунучу жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД