Бийликтин убадаларынын аткарылышын көзөмөлдөөчү сайт ачылды

Бийликтин элге берген убадаларынын аткарылышын көзөмөлдөөчү сайт ачылды. Бул тууралуу активист Элдияр Жээналиев билдирди.

Ал Баткендин облус болуп калыптанганына 22 жыл болгонун, бул аралыкта ал жактагы чек ара тилкесинде бир нече чыр-чатактар катталганын белгилеп, жерине барган бийлик өкүлдөрү элге көптөгөн убадаларды берип, бирок көп учурларда алар аткарылбай келгенин кошумчалады.

"Бийлик өкүлдөрү барып убадаларды берип, элди үмүттөндүрүп кетип калышат. Жыйынтыгында же убададан жок, же аны берген кишиден дайын жок болуп жатат. Ошон үчүн бийликтин акыркы убакта берген убадалары канчалык деңгээлде аткарылып жатканын көзөмөлдөө максатында атайын сайт иштеп чыкканбыз", - деди активист.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД