Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Казакстандын "Голос" теледолбооруна өттү

Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Казакстандын "Голос" теледолбоорунун биринчи этабынан ийгиликтүү өттү. Ал 20-кылымдын эң популярдуу америкалык ырлардын бири "Stand by me" ырын ырдаган.

Кыргызстандык сахнага чыгаардан мурун таланты менен коңшу республиканы багындыруу үчүн Бишкектен келгенин айткан. Сөз учурунда эки насаатчы Субанкуловго кайрылып, анын өзгөчө үнү жана тембри бар экенин белгиледи. Мекендешибиз устаты катары ырчы Батырхан Маликовду тандады.

Белгилей кетсек, программа учурунда насаатчылардын бири Чыңгыз Айтматовдун ырынан үзүндү аткарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД