Шайлоо участкалары ачылгандан төрт сааттан кийин Кыргызстанда Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоодо 2 миңден ашуун адам добуш берди.
Маалыматка ылайык, саат 12.00дө (Москва убактысы боюнча 9.00) республикада 2 миңден ашуун адам добуш берди. Алардын 500гө жакыны – Бишкекте.
Кыргызстандын борборундагы дипломатиялык өкүлчүлүктө добуш берүүнү каалагандар узун кезекке турууда. Кээде кезектин узундугу жүздөгөн метрге чейин жетип турду. Санитардык -эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо үчүн бардык шайлоочуларга медициналык бет каптар берилди.
Кыргызстанда Россия Федерациясынын жарандары үчүн төрт шайлоо участогу ачылган. Алар Бишкекте, Кантта, Караколдо жана Ошто.