
Америка Кошмо Штаттарынын, Улуу Британиянын, Швейцариянын жана Жапониянын дарыгерлери дүйнө жүзү боюнча жаш балдар респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) жапырт жуктура башташканын билдиришти. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыгышты.
Дарыгерлердин айтымында, ымыркайлар менен жаш балдардын жаңы вируска чалдыккан учурлары апрель айында башталган, ошонун айынан ооруканадагы реанимация бөлүмдөрү дароо толуп калган.
Окумуштуулардын айтымында, коронавирустук пандемия респиратордук-синцитиалдык вирустун жайылып кетишине таасирин тийгизген. Карантиндик чаралардан улам да балдарда вируска каршы иммунитет калыптанган эмес. Оорунун өсүшү карантиндик чаралар жеңилдегенден кийин байкалды.
Маалыматтар боюнча, көпчүлүк балдарда инфекция көбүнчө дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана мурундун бүтүшү менен коштолот. Ал эми кээ бир учурларда балдардын дем алуусу кыйындайт, бронхиалит оорусуна, тагыраагы, кекиртек бутактарынын өпкө менен кошулган жерин сыртынан эмес ичинен жабыркатат.
Буга чейин, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун адистери, коронавирустун "дельта" варианты басымдуулук кылгандан кийин, өлкөдө COVID-19 менен ооруган балдардын ооруканага жаткырылышы кескин көбөйгөнүн айтышкан, бирок жаңы изилдөөнүн натыйжасында жаңы вирус өтө коркунучтуу жана оорунун оор түрүн пайда кылары аныкталды.