Жөө адамды сүзүп өлтүргөн мотоцикл айдоочусу милицияга жеткирилди

Бишкек - Манас аэропорту унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жөө жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя саат 20:30 чамасында Манас айылынын аймагында болгон. Мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта жөө адамды сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан улам каза тапкан. Ал эми мотоциклдин айдоочусу тергөө иштери үчүн милицияга жеткирилген.

Мындан улам аталган жолдун боюндагы айыл тургундары жолду жаап, бул жерде көп кырсыктар катталарын айтып чыгышкан. Ал эми саат 23:00 чамасында жол ачылган.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД