Нарында жол кырсыгы катталып, 7 адам жабыркады

Нарын облусунда жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19 сентябрь күнү саат 14:45 чамасында Кочкор району, Кочкор-Чаек унаа жолунун 55-чакырымында "KIA-K5" унаасы менен "Subaru-Legasy" үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 жаран ар кандай жеңил жаракат алышкан. Кырсыктан жабыркагандардын экөө эркек, калганы аялдар.

Жерине №42 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД