Өзүн юрист деп тааныштырып, 5 адамга 21500$ чыгым келтирген шектүү кармалды

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.К. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран Ж.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21 500 АКШ долларында чыгым келтирилгендиги аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаран Ж.К. Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД