Меркель оюнчук аюунун прототипи болуп калды

Германиянын Кобург шаарындагы оюнчуктарды чыгаруучу завод Ангела Меркелдин Германиянын канцлери кызматынан кеткенине байланыштуу 189 евролук (18 миң сомдон жогору) коллекциялык аюуну жаратты. Бул тууралуу жекшемби күнү, 19 -сентябрда Welt басылмасы жазды.

Заводдун жүз жылдык тарыхы бар, анын ичинде атактуу инсандарга арналган аюулар чыгарылган. Бул компания АКШнын мурдагы президенттери Барак Обаманын, Теодор Рузвельттин жана Авраам Линкольндун, ошондой эле Германиянын канцлерлеринин бири Гельмут Шмидттин жана Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин аюларын жараткан.

Фабриканын директору Мартин Хермандын айтымында, оюнчуктар балдар үчүн эмес, көркөм буюмдар катары жаратылган. Ал ошондой эле жалпысынан 500 даана аюу өндүрүлөрүн жана алардын бири Меркелдин өзүнө жетерин тактады.

Буга чейин, 15 -сентябрда Германияда канцлер Меркелдин башынын формасындагы таттууларды сатуу башталган. Бул таттуулардан жалпысынан 500гө жакын өндүрүлөрү пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД