Канатбек Исаев Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан катышат

18-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Канатбек Кедейканович Исаевдин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №31 Кемин округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз келип түштү.

Ошондой эле, ал ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн көрсөткөн.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өтөт.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен жана Курманов Байыш Жантаевичтен жазуу жүзүндө билдирүү келип түшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД