Аялды сүзүп өлтүргөн мотоцикл айдоочусу камалды

Манас айылына жакын жерде жөө адамды сүзгөн мотоциклдин айдоочусу Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Мотоциклдин айдоочусу 29 жаштагы Н.Ф. кармалып, Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды ", - деп билдиришти мекемеден.

Эске сала кетсек, "Манас" аэропортуна баруучу жолдо мотоциклдин айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткен. Бишкек-Манас аэропортунун унаа жолунун боюнда жайгашкан "Учкун-2" айылынын тургундары жолду тосуп, бийликтен жана милициядан мотоцикл жарышын токтотууну талап кылышты. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жол ачылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД