
Москвада "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды Бул тууралуу орусиялык ММКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, камалгандардын арасында Россия, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары бар. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалгандардын жана анын туугандарынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, байланыш каражаттары, флешкалар жана тергөөгө тиешеси бар маалыматтар, ошондой эле Россияда тыюу салынган үгүт материалдары алынды.
Кармалгандарга Россия Федерациясынын Кылмыш -жаза кодексинин 205-беренеси (Террористтик уюмдун ишин уюштуруу жана мындай уюмдун ишине катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Алар 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.