Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан чыгарылды. Бул тууралуу ооруканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага операция жасалды. Сатыбалдиев ооруканага бел омурткасынын грыжасы менен кайрылган.
Жантөрө Сатыбалдиев 65 жашта. Былтыр жүрөгүнө операция жасалган.
Жантөрө Сатыбалдиев баш калаанын ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча күнөөлүү деп табылган, анын негизинде 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.