Бишкекте тургундар мэрге жык толгон маршруткаларда жүрүп көрүүнү сунушташты

Бишкекте жык-жыйма толгон маршруттук таксилер адаттагы эле көрүнүшкө айланып, жүргүнчүлөрдүн нааразычылыктарын жаратууда.

Шаар тургундары эрте менен жумушка, ал эми кечинде үйгө жетүү азап болуп жатканын айтып нааразы болушууда.

Мисалы, "Красный Строитель" жаңы конушуна 2 гана маршруттук такси барат. Ал коомдук транспорттордо адаттагыдай эле жүргүнчүлөр жык толгон.

"Кечинде үйгө жетүү мүмкүн эмес. Мен Кирпичный районунда жашайм, маршруттук таксилерге батпайсың, убада кылынган автобустар кайда?

Биз жаңы мэрге бир нече күн кечкисин ЦУМдан Кирпичный районуна чейин маршруттук таксилер менен барып көрүүнү сунуштайбыз. Көйгөйдү өз көзү менен көрсүн", - дешет нааразы болгон тургундар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД