Жогорку Кеңеште "Вега" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссия түзүү тууралуу айтылып жатат. "Вега" ЖЧКсы - "Коопсуз шаар" долбоорунун 1-этабын ишке ашырган оператор.
Депутат Айбек Осмоновдун ("Бир Бол") айтымында, бул боюнча фракциянын чечими да бар.
"Вега" көптөгөн чиновниктердин айып пулун чийип коюп, жөнөкөй элге айып жүктөлүп калды", – деген депутаттын айтымында айып пулдар жокко чыгарылганын компания сыноо жүргүзүлгөнү менен түшүндүргөн.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "Вега оперейтинг компани" ЖЧКнын жетекчиси - Насипкулов Арман Шаршенович (мурун Молдоусупов Бакыт Эсеналыевич болчу).
Ал эми түзүүчүсү - "КЕМИН Майнин" ЖЧК менен "Концерн радиостроения "Вега" АК. Кайра катталган убактысы: 22.07.2019.
Ал эми "Кемин Майнин" ЖЧКсын Дербишалиев Кумар Токонович түзсө, жетекчиси - Дүйшеев Алтынбек Мамбеткулович. Компания 2015-жылдын 5-мартында кайра каттоодон өткөн.