Садык Шер-Нияз самокат тепкен видеосу менен бөлүштү

Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз самокат тепкен видеосу менен бөлүштү. Видео анын Фейсбук баракчасына жарыяланып, тамаша-аралаш пост жазылган.

Шер-Нияздын айтымында, анын ушундай техникаларга жакындыгы бар.

"Жумуштан чыгып баратсак бурчта платный самокат турган экен. "Эми ат минген кыргыз деп калдыңыз эле…" дешип жыландын башын кылтыйтып жатышпайбы. Видеого тартпагыла дегем Азамат тартып алып, ватсапка салып ийиптир. Менин ушундай техникаларга жакындыгым бар. Бишкекте эле "бой күлүктү" (моноколесо) бош кезде өздөштүрүп алгам.

Ал эми эң негизгиси келечектин транспорту ушул деп ойлойм. Бир кезде Америкадан ойлоп табылган контейнер менен жүк ташуу системасы биринчи эле жылы Америкага 50млрд доллар киреше алып келген дешет. Азыр Европанын баардык шаарларына самокат системасы иштей баштады. Экономикасы эбегейсиз. Мен муну 4-5 жыл мурун Лос Анджелестен көрдүм эле. Азыр Парижде самокат кадимкидей эле көрүнүш.

(Бул жөн гана ой толгоо атайын кытмырланып унаа сурап жаткан го деп ойлоп албагыла, унаабыз деле бар, жакында жаңысын алдык", - деп жазган Шер-Нияз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД