Алдамчы аял кармалды. Милиция жабыр тарткандар болсо кайрылууну өтүнөт

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 16-августта милицияга шаар тургунунан арыз келип түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, кыздын сөзүнө ишенип, 285 миң сомунан кур жалак калган. Т.а. Элнура (аты өзгөртүлдү) 2019-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын январь айына чейин Малдыбаев көчөсүндөгү кеңседе акчалай кирешесин көбөйтөм деп убада кылган. Натыйжада 285 миң сом алган Элнура убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 204 -беренеси ("Алдамчылык") боюнча КЖБРге катталган.

Ленин РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1983-жылы туулган Б.Э. кармалган. Алубактылуу кармоочу жайына киргизлген, андан кийин соттун чечими менен СИЗО-1ге эки айга камалган.

Мындан тышкары, милицияга ушундай кылмыштар боюнча дагы 6 арыз түшкөн.

Укук коргоо органдары шектүүнүн алдамчылыгынын башка да курмандыктары бар экенин четке какпайт. Буга байланыштуу милиция кармалган адамдын аракетинен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы барлардын бардыгын төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (700) 911 -119, 0 (703) 686-883 жана 102.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД