Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кезектеги соттук отурум өтөт.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда сотко жеткирилди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын аппарат башчысы Фарид Ниязов жеткирилет деп күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алган, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык боюнча айыпталууда.