"Кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөр" боюнча позициясын колдоо керек"

"Кумтөр" боюнча сотто чечим Кыргызстандын пайдасына чечилиши үчүн болгон аракетти жасоо керек. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев VB.KG редакциясына билдирди.

"Кандай гана болбосун биз Кыргыз өкмөтүнүн позициясын колдошубуз керек.

Эл аралык сотто "Кумтөр" боюнча маселе Кыргызстандын пайдасына чечилет деп үмүт кылышыбыз керек жана буга жардам беришибиз керек", - деди Каныбек Иманалиев.

Ал эми депутат Дастан Бекешевдин пикири боюнча, Садыр Жапаров "Кумтөр" маселесин аягына чыгарат.

"Менимче, Садыр Жапаровдун "Кумтөр" маселесин аягына чыгарууга эрки жетет. Жетти десек да болот, "Кумтөргө" тышкы башкарууну киргизди. Бирок, ошол эле кезде анын таасири кандай болорун билбейбиз. Белгилүү болгондой, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечимине ылайык, биз алтынды 15%га арзан сатып калабыз", - деди эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД