УКМК: Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды

КР УКМК тарабынан "Кыргызстан" саясий партиясынан КР ЖК мурдагы депутаты "Н.К." тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды.

2013-жылы "Н.К." Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.

2021-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип "Н.К." кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД