Бишкекте 300 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кеткен шектүүлөр кармалды

Бишкекте 300 миң сомдук алтын буюмдарды, телефон жана акча уурдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда саат 21:30да 102 кызматына Кара Көл көчөсүндөгү жеке үйдүн терезеси сынып, мүлкү уурдалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен. С.А. аттуу жаран үйгө саат 18:00дөн 20:45ке чейин белгисиз адамдар кирип, 300 миң сомго алтын буюмдарды, уюлдук телефонун жана акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Шектүүлөр из жашырып качып кетишкен. Учурда келтирилген зыяндын так суммасы такталууда.

Бул факты Биринчи Май РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2002-жылы туулган А.Н. жана 2003-жылы туулган К.А., аныкталып, милицияга жеткирилген. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД