"КГК" профсоюз комитетинин төрагасына Кумтөр кенине барууга тыюу салынды

"Кумтөрдүн" жетекчилиги "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын профсоюз комитетинин төрагасы Калысбек Рыспаевге алтын кенге жана башка объектилерге барууга тыюу салды. Бул тууралуу Калысбек Рыспаев билдирди.

Мындан тышкары, "Кумтөр Голддун" сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк профсоюздун кеңсесин, ошондой эле профсоюзга таандык кызматтык машинаны тартып алуу чечимин кабыл алды.

Анын айтымында, мындай чечим профсоюз комитетинин жумушчулардын эмгек укуктарын коргоо боюнча активдүү ишинен кийин кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД