
Мечиттен садака катары кутучада чогултулу жаткан акчаны уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мечитте орнотулган кутучадан акча уурдап жаткан адамдын видеотасмасы тараган.
Бул факт КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Милиция тарабынан аталган кылмышка шектелип 31 жаштагы М.А. кармалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү жаран Чүй облусунда жана республиканын башка аймактарында ушул сыяктуу дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталууда. Бардык фактылар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.