Зинедин Зидан "Реал Мадрид" клубунан кетти

Франциялык белгилүү машыктыруучу Зинедин Зидан "Реал Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучулук кызматынан кетти. Мындай маалымат клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Биз бул чечимди сыйлайбыз жана анын кесиптик чеберчилиги, жумушка берилүү менен клубду жетектегени үчүн ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Зидан "Реалдын" эң мыкты машыктыруучуларынын бири. Ал "Реал" анын үйү болгонун жана боло берерин ар дайым сезет", - деп жазылды клубдун сайтында.

48 жаштагы Зидандын "Реал" менен келишими 2022-жылдын жай мезгилине чейин болчу. Сезондун аягында клуб 2010-жылдан бери биринчи жолу кубоксуз калды. "Реал" быйылкы сезондо Испания чемпиондугун 84 упайы менен экинчи орунда жыйынтыктады. Мындан тышкары, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жетип, анда лондондук "Челси" клубуна утулуп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД