БУУнун штаб -квартирасында Кыргызстанга арналган көргөзмө ачылды

Нью -Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76 -сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун штаб -квартирасында бул фотокөргөзмөнү көрүүчүлөргө тартуулады. Көргөзмөнүн жүрүшүндө өлкөнүн байыркы тарыхын, кооз жерлерин, улуттук спорт түрлөрүн, маданиятын жана жаратылышын, ошондой эле Кыргызстандын БУУ менен болгон мамилесин чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлдү.

Сүрөт көргөзмөсү БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорктогу 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышкан чет мамлекеттердин делегациясынын бардык мүчөлөрүнө жеткиликтүү болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД