17 -сентябрда Кыргызстанда насыя берүүгө байланыштуу Жарандык кодекске өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Өзгөртүүлөргө ылайык, накталай берилген кредиттер кредиттөөгө теңештирилген жана мындай операцияларды жүргүзүү үчүн Улуттук банктын лицензиясы талап кылынат, деп жазат Акчабар.
Адвокат Султан Калыбаевдин айтымында, Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр карапайым жарандар үчүн гана эмес, коммерциялык уюмдар үчүн да (финансылык жана кредиттик мекемелерди кошпогондо) терс кесепеттерге өбөлгө түзөт дейт жактоочу.