Москвада өспүрүм ата -энесин бычактады

Москванын түндүк-чыгышында, Полярная көчөсүндө, 16 жаштагы өспүрүм шаршемби күнү кечинде, 22-сентябрда, ата-энесин бычактаган. Бул тууралуу РЕН ТВ билдирди.

16 жаштагы бала бычак менен 55 жаштагы апасынын тамагын кескен. Муну менен эле токтоп калбастан 49 жаштагы атасына да бычак менен кол салган.

РЕН ТВдан белгилүү болгондой, өлүмгө шектүү мурда психиатриялык клиникада баңгиликтен мажбурлап дарыланып келген. Өспүрүм дарыланууга жөнөтүлгөнүнө нааразы болуп чыр –чатак чыгарган.

Ошондой эле мурда үй -бүлө ата -энелик милдеттерин аткарбаган тууралуу маалымат пайда болду.

Юлия Иванова, ЭККМКнын Москвадагы Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын улук жардамчысы, шектүү адам УКМКга жеткирилгенин айтты. Кылмыш иши "эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренеси боюнча козголду.

Кош өлтүрүүнүн себептери жана жагдайлары тактала элек.

Которгон Назгуль Абдыразакова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД