Жасалма ПЦР анализин саткандар жоопко тартылат

Республикада жасалма ПТР анализдери менен мыйзамсыз соода кылуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

КРнын Ички иштер башкармалыгы Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда -2, Талас облусунда -1 фактыны каттады.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын СКМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды.

Алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган А.Б жана 25 жаштагы Х.А., болуп чыкты.

Дагы бир факт Талас облусунун Манас районунда катталды. Жеке лабораториялардын биринин эки кызматкери жасалма ПЦР анализин 2000 сомго сатканы аныкталды.

Бул факт дагы ЭРППде катталган жана 359-берене (документтерди жасалмалоо) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Бул адамдардын баары аныкталып, кармалган.

Ички иштер министрлиги учурда бардык тергөө аракеттерин жана алдын алуу чараларын жүргүзүүдө, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Ички иштер министрлиги жасалма ПЦР анализин саткан жарандар 359 -берене (Документтерди жасалмалоо) боюнча жоопко тартыларын эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД