Жети-Өгүз аймагында 242 Тянь-Шань карагайлары мыйзамсыз кыйылган

Белгисиз адамдар Жети-Өгүз районунун Сары-Төр тилкесиндеги 242 Тянь-Шань карагайын кыйып кетишкен. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

"20 -сентябрда Саруу айылынын жарандык активисттеринин билдирүүсүнөн кийин Жуукин токой чарбасынын аймагындагы бактарды мыйзамсыз кыйуу фактылары боюнча текшерүү уюштурулду. Жалпы көлөмү 77,8 метр кубду түзгөн 242 Тянь -Шань карагайынын уруксатсыз кыйылгандыгы аныкталды. Мамлекетке келтирилген зыян алдын ала 444 миң сомго бааланууда ", - деп билдиришти министрликтен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД