Тармакта Данияр Үсөновдун уулунун үйлөнүү тоюнун видеосу пайда болду

2010 -жылы өлкөдөн качып кеткен Кыргызстандын мурдагы премьер –министри Данияр Үсөновтун кичүү уулу Урмат үйлөндү. Бул тууралуу кыргызстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, үйлөнүү үлпөтү Түркияда, эң кымбат ресторандардын бири "Чыраган Сарайда" болгон.

Урмат Mongol group компаниясынын негиздөөчүсү жана Social Group Almaty и Mayram Group ресторан тармак түйүндөрүнүн бренд-шефи болуп эмгектенет.

Видео социалдык түйүндөргө тойго чакырылган коноктор тарабынан таратылган.

2010 -жылдан кийин Данияр Үсөнов фамилиясын өзгөртүп, беларустук ишкер Даниил Урицкий болуп калган. Ырас, Даниил Урицкий өзү качып кеткен жогорку кызмат адамы экенин четке кагат. Кыргызстанда ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД