Караколдо чөп чабык жана 150 боо чөп күйүп кетти

Караколдо чөп чабык жана 150 боо чөп күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, 23 -сентябрда саат 10:50 чамасында Жамбыл көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда чөп күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө шаардык N15 өрт -куткаруу бөлүмүнүн 2 өрт өчүрүү бригадасы тартылган. Саат 11: 37де өрт локализацияланган, саат 12: 26да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 18 чарчы метр чөп чабынды жана 150 боо чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД