Бишкектин тургуну Азизжан Малик реалдуу супер баатырдын костюмдарын кылат

Анын коллекциясында буга чейин Бэтмен, Супермен, Темир адам, Веном үчүн костюмдар бар. Бул адаттан тыш костюмдарда ал шаарды көп кыдырып, сүйүктүү супер баатырлары менен сүрөткө түшкөндү жактырган бишкектиктерди таң калтырат.

Азизжан 29 жашта, ал Кара-Балта шаарында жашайт. Экономикалык билимге ээ, азыр банкта иштейт. Бирок ал бош убактысынын баарын хоббиси - косплейге арнайт.

"Мунун баары 2013 -жылы башталган, мен Түркияда гид болуп иштеп жүргөндө, мен үйдө жасалган темир кишинин костюмун көрдүм, ошол эле жылы мекениме кайтып келгенден кийин, иним менен бирге жасап көрүүнү чечтим. Мен Marvel тасмаларынын күйөрманымын.

Биринчи костюмду чыгаруу бүтүндөй бир жылды талап кылды, бул мындай костюмдарды түзүүдө тажрыйбанын жоктугуна жана стекловолокно менен иштөөнүн татаалдыгына байланыштуу болду.

2014 -жылы 19 килограммдык биринчи Iron Man костюму ийгиликтүү өндүрүлгөндөн кийин, достор Азизжандан аниматорлорго окшош костюмдарды жасоону суранышкан. 2014 -жылдан 2017 -жылга чейин КМШнын ар кайсы өлкөлөрүнө барган мультфильм каармандарынын жана фильмдердин каармандарынын он костюмун даярдаган.

Келечекте мен "Хищник" жана "Дидпуль" костюмдарын жасоону пландап жатам, жакынкы жылдары алардын негизинде фильмдердин премьералары болот, андыктан алар актуалдуу болот ", - дейт Азизжан.

Которгон Назгуль Абдыразакова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД