Өзгөндөгү тойдо асманга ок атуунун чоо -жайы белгилүү болду

2021-жылдын 25-сентябрь күнү "WhatsApp" интернет сайты аркылуу Өзгөн районун аймагында айылдардын биринде турак жай үйдүн короосунда бир нече балдар топтолуп алып, анын ичинен жашы болжол менен 20-25 жаштагы азият улутундагы бала колуна ок атуучу куралды алып асманга бир нече жолу атып жаткандыгы таркаган.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына ( МЭЖ) 2021-жылдын 25-сентябрь күнү саат 14:26 минутада катталып, ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 121-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, текшерүү иштерин жүргүзүү Өзгөн РИИБдин кызматкерлерине жүктөлгөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө: 2021-жылдын 25-сенябрь күнү болжол менен саат 14:00 чамаларында, Өзгөн районунун Зергер айыл аймагына караштуу Кайрат айылынын тургуну 38 жаштагы Х. А. С өзү жашаган турак жайда, үйүндө баласын үйлөп той кылып жаткан учурда, атайын Россия Федерациядан сатып алып келген ИЖ-161 ПС үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралды баласынын досу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу айылынын тургуну 20 жаштагы А. Ш. А асманга атуу максатында берген. Ал эми Ш.А ал куралды алып калктуу конуш болуп элдер топтолгон жерде асманга бир нече жолу аткан.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда 2 даана 5,45 мм болгон ок атуучу куралдын гильзасы табылып алынган.

Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Кайрат айылынын тургуну 38 жаштагы Х. А Снын жашаган турак жай үйүндо сакталып турган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн жыгарып жарык берүүчү курал жана анын 8 даана 5,45 мм болгон октору далил буюм катары алынган.

А.Х өзүнүн көрсөтмөсүндө: Россия Федерациясынын Москва шаарында көп жылдан бери иштеп жаткандыгын Кыргызстанга быйыл 2021-жылы баласы 21 жаштагы М. Д. Тны үйлөндүрүү максатта 6-сентябрь күнү Кыргыстанга Россия Федерациянын Москва шаарынан келгендигин, той өткөрүп жатканда автомат ок атуучу куралды асманга аттырайын деген ойум бар болчу, ошондуктан Москва шаарында ок атучу куралды сатып алу максатында магазинине барып, үн чыгаруучу ок атуучу куралды көрүп, саткан адамдан уруксат керекби деп сураган кезде, ал бул АК74 ок атуучу куралга эч кандай уруксат кагаздары кереги жок Москва шаарында жөн эле сатылып колдонулат, себеби бул жөн гана үн чыгаруучу автомат дегенинен кызыгып, баламдын тойунда асманга атамын деп болжол менен 32 000 рубльга сатып алгандыгын, ал ок атуучу куралды Аэропортон сумкага жүк катары жүктөп салып мени текшерген кезде, эч кандай тосколдуксуз коёо бергендигин билдирген.

2021-жылдын 25-сентярь күнү баламдын дос балдары келип автоунаалар менен Ош шаарында боло турган тойго кетип жатып, менин азыркы жашаган үйүмдүн короосунда автоматты асманга атуу максатында алып чыктым. Ошол жерде уулумдун досу Ш атту бала автоматты алып октоп, асманга бир нече жолу атты, ошол атып жатан учурда балдар видео камерага тартып турган. Атып бүткөндөн кийин мен автоматты үйго алып кирип бекитип койдум деп билдирген.

Азыркы учурда, аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө деп билдиришти Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД